ӨКМдин маалымат кызматынын жаңы жетекчиси Алим Токторовдун өмүр баяны

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Токторов Алим дайындалды.
Кыскача өмүр баяны:
Алим Токторов 1968-жылдын 19-июлунда туулган.
1992-жылдардан тарта Кыргыз телерадио берүү комитетинде кабарчы, редактор, режиссёр, Баткен мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын башкы директору кызматтарын аркалаган.
— 2007-жылы кайрадан — КТРКда кабарчы-баяндамачы, “Жаштар жана балдар” редакциясынын башкы редактору;
— 2011-2012-жылдары — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Калк жана массалык маалыматтар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
— 2018-2019-жылдары — Бишкек мэриясына караштуу шаардык транспорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
— 2020-жылы — Баткен облустук медиа борборунун башкы директору кызматтарын аткарган.
Мындан сырткары ал “Биз” эстрадалык ансамблин, “Алим Токторов продакшн” студиясын жетектеп, “Жыйырманчы жаз”, “Дөңгөлөк kg” көркөм фильмдеринин, “Раззаков” тарыхый тасмасынын режиссёру жана актёру катары таанылган.
Жогорку билимдүү, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин автотранспорт бөлүмүн аяктаган.
Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кино жана телекөрсөтүү факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө 4-курстун студенти.
Үй-бүлөлүү, 1 кыздын, 2 уулдун атасы.



