Коом
Бишкектин көчөлөрүнүн жарыктары мурдагы көрүнүшкө кайтат

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы көптөн бери алмаштырууга жана жаңылоого муктаж болгон чырактарга тарыхый көрүнүшүн кайтарууну пландоодо. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан маалымдайт.
«Алардын көрүнүшү сыртынан караганда эски чырактарга окшош, бирок алар заманбап жана энергияны үнөмдөөчү мүмкүнчүлүккө ээ. Бул чырактар светодиоддуу, алар борбордун көчөлөрүн бардык стандарттарга ылайык жарыктандырып, ошол эле учурда электр энергиясын үнөмдөйт», — деп жазылган маалыматта.



