Коом

Кашка-Суу дарыясына аммиак жана селитра төгүлгөнү, андан тышкары малдын өлүшү тастыкталган жок

Жер-үй өрөөнүндө Кашка-Суу дарыясына мүшөктөлгөн аммиак жана селитра төгүлгөнү, малдын өлүмү тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарда сууга “Альянс-Алтын” ЖЧКсы тарабынан мүшөктөлгөн аммиактар төгүлгөнү тууралуу маалымат тараган.

Аталган факты боюнча курамына Талас аймактык башкармалыгынын инспекторлору жана компаниянын өкүлдөрү кирген комиссия түзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жерүй өрөөнүндөгү Кашка-Суу дарыясына төгүлгөн аммиак жана селитра салынган бош каптар табылган эмес. Ошондой эле жаныбарлардын өлүмү тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Суунун булгануу деңгээлин аныктоо үчүн анализдер жана үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү, деп ырастады эколог М.Базарбаев. Суунун анализинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, толук маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button