Коом

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 600 медицина кызматкери тартылат

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, алдыда өтө турган эл аралык иш-чаралардын катышуучуларына жана конокторуна медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу, ошондой эле бардык медициналык кызматтардын ишин координациялоо маселелери Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын уюштуруу комитети менен биргеликте талкууланды.

Медициналык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн медициналык пункттарды, мобилдик медициналык бөлүмдөрдү жана мобилдик госпиталды жайгаштыруу, ошондой эле тез жардам бригадаларын күчөтүү каралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш-чараларды медициналык жактан камсыз кылуу үчүн мобилдик госпиталын берет. Ал зарыл медициналык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү үчүн колдонулат.

Ошондой эле 600дөн ашык медицина кызматкерин тартуу пландалууда. Алардын арасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын адистери, дарыгерлер, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери жана тез жардам бригадалары бар.

Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык кызматтардын ишин күнү-түнү координациялай турган ыкчам штаб иштеп жатат. Медициналык бригадалардын, дары-дармектердин, медициналык жабдуулардын жана жеке коргонуу каражаттарынын резерви түзүлдү.

Медициналык уюмдардын көп сандаган жабыркагандар келип түшкөн учурда тез жардам көрсөтүүгө даярдыгына, ошондой эле жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга, ууланууларга, жаракаттарга жана башка өзгөчө кырдаалдарга өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, катышуучулар жана коноктор жайгашкан жайларда, тамактануучу жана эс алуучу объектилерде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлөт. Ошондой эле ичүүчү суунун сапаты жана эл аралык иш-чаралардын коопсуздугу үчүн маанилүү болгон башка объектилер текшерилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button