Окуялар

«Кен-Сай» көзөмөл-өткөрмө пунктунда 7 миң 250 гүл көчөтү жок кылынды

«Кен-Сай» карантиндик фитосанитардык көзөмөл пунктунда Кытай Эл Республикасынан Өзбекстан Республикасына транзит менен бара жаткан гүлдөрдүн 24 түрүнө таандык 7 миң 250 көчөткө фитосанитардык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда жүккө тиешелүү фитосанитардык документтер толук берилбегени аныкталган. Ошого байланыштуу көчөттөрдү Өзбекстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилген эмес.

Жүктү жөнөтүлгөн өлкөгө кайра кайтарууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, белгиленген талаптарга ылайык, 7-августта Жалал-Абад облустук бажы жана чек ара кызматтары менен биргеликте 7 миң 250 көчөт жок кылынды.

Бул иш-чаралар карантиндик зыяндуу организмдердин өлкөгө киришине жана жайылышына жол бербөөгө, ошондой эле Кыргызстандын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button