Окуялар
Кырчында ат сүйрөп кеткен 20 жаштагы жигит каза болду

Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында ат минип сейилдөө учурунда 20 жаштагы жигит кырсыктан каза болду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында ээрден кыз кулап, буту үзөңгүгө илинип калганы тууралуу маалымат тараган.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, ат чуркаган бойдон жигитти жер менен бир нече жүз метр сүйрөп кеткен. Атты башка атчан адамдар токтотушкан.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабырлануучу 20 жаштагы жигит болгон. Ал Ананьево айылындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын каза болгонун аныкташкан.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.



