“Кумтөргө” ишке орноштурам деп акча алган. Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү кармалды

Февраль айынын башында Каракол ШИИБне Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын үч тургуну арыздар менен кайрылып, 2019-жылы “Нурлан” аттуу жаран “Кумтөр” ишканасына жумушка орноштуруп беремин деп, акча каражаттарын алып, бүгүнкү күнгө чейин жумушка да орноштурбай, акча каражаттарын да кайтарбай жатканын билдиришкен. Жалпы материалдык чыгым 365000 сомду түзгөн.
Аталган арыздар Каракол ШИИБдин КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иштери козголгон.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шаардык милициянын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Ш.Н. болуп чыкты жана алгачкы жүргүзүлгөн суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
Андан кийинки жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран дагы алдамчылыктын 9 учуруна катыштыгы бар экендиги аныкталган. Бардык аныкталган учурлар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Шаардык соттун чечими менен шектүүгө бир айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Тергөө амалдары уланууда, — деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирген маалыматта.



