Апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүм. Окуянын жаңы жагдайлары белгилүү болду

«Балдарды коргоо» коомдук фондунун негиздөөчүсү Назгүл Турдубекова апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүмдүн окуясы боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, окуя мейманканада болгон эмес, баланын апасы администратор болуп да иштебейт. «Туугандарынын айтымында, окуя мейманкананын жанындагы үйдө болгон. Ошол учурда жалгыз бой эне балдары менен батирде болушкан. Эркек киши үйүнө барып, эшигин бир нече жолу тепкилеген. Ал мейманкана менен үйдү алмаштырып алган. Энени бетине муштаган, ошол учурда балдары ыйлап баштаганда улуу баласы айла жок, кадамга барган. Анын күйөөсү өлүп калгандыгына байланыштуу 16 жаштагы уулу коргоого туура келген. Апасы бул окуядан кийин абдан ойго чөгүп кеткендиктен, балдарды багууга азык-түлүгү жокко эсе. Ал барып, атайылап сайган жок да. Сот аны сот залынан бошотушу керек болчу»,- деди ал.
Эскерте кетсек,14-майда саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Рыскулов көчөсүндө бычактан жаракат алган эркек кишинин жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ленин РИИБдин кызматкерлери барышкан. Алар ошол эле күнү саат 16:00 чамасында мас абалындагы эркек киши менен мейманкананын администратору уруша кеткендигин, администратордун уулу апасын коргоо максатында бычак алып чыкканы, жаран ага карай чуркап, бычак анын курсак тушуна сайылганы аныкталган. Ал хирургиялык борборго жеткирилип, операция жасалган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2005-жылы туулган өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен 1 ай камакта калтырылган.



