Тагдыр. Ата-энем бар туруп үйдүн түйшүгү менин мойнумда

Мен үйдүн улуу кызымын. Үч иним бар. Кичинекей кезимден бери эле ата-энемдин уруш-талашына күбө болуп келем. Алардын мамилеси жакшы болбой калганда, апам таарынып үйдөн кетип калат. Ошол сайын үч инимди мен карап калам.
Акыркы күндөрү мен алардын энесиндей болуп калдым. Тамактарын жасайм, кийимдерин жууйм, үйдү жыйнайм. Инилерим ачка калбасын, таза кийим кийсин деп өзүмдү унутуп коём.
Башында мунун баарын үй-бүлөм үчүн кылып жатканыма кубанчумун. Бирок жылдар өткөн сайын чарчадым. Кээде өзүм да бирөөгө эркелеп, көйгөйүмдү айтып, балалыгымды жашагым келет. Бирок үйдө менден башка жоопкерчилик ала турган адам жоктой сезилет.
Эң оор жери — быйыл мектепти аяктап жатам. Классташтарым келечек тууралуу сүйлөшүп, окууга тапшырууну эмитен пландап жатышат. А мен кандай окуу жайга тапшырып кайсы кесиптин ээси болууну да билбейм. Анткени ата-энем мектеп ачылар астында кайра урушуп, апам кетип калды. Ал келген күнү деле менин окуума акча төлөп билим алууга шарт түзүүсүнө күмөнүм бар. Үч төрт ай жакшы жашаган киши болушат да анан эле кайра кызганычтан улам кырылып кетишет. Ошондуктан мен кээде келечегимди ойлоп корком — туман.
Кээде курбуларымдын үйлөрүнө барсам, ата-энеси ынтымактуу отурганын көрүп, ичим ачышат. «Эмнеге менин балалыгым мындай болбоду?» деп өзүмө суроо берем. Мен да кадимки кыз болгум келет. Сабактан кийин курбуларыма кошулуп, күлүп-ойноп, келечегимди ойлогум келет. Бирок үйгө келгенде мени үч иним, кир жуучу кийимдер, тамак жасоо жана бүтпөгөн үй жумуштары күтүп турат.
Мен ата-энемди жаман көрбөйм. Инилеримди да жакшы көрөм. Бирок кээде жөн гана: «Мен да чарчадым…» деп кыйкырып ыйлагым келет. Ыйлайм көп жолу бирок аны менин жаздыгым эле көрөт. Кээде кайдадыр бир жактарга качып кетким келет.
Балким, сыртынан караганда мен күчтүү кыздай көрүнөм. Бирок эч ким менин ичимде канча жылдан бери айтылбай келген сөздөр, көз жаштар бар экенин билбейт. Быйыл мен мектепти аяктайм. Балким, бул мен үчүн жаңы жашоонун башталышы болор. Менин да өз кыялдарым, өз максаттарым бар. Мен да бир күнү өткөн күндөрүмдү эстеп: «Ошол оор күндөрдөн өтүп, баарына карабай өзүмдү сактап калдым», — деп айткым келет.
Анткени менин балалыгым үй-бүлөмдүн көйгөйлөрүнө коротулганы менен, келечегимди дагы ошол көйгөйлөргө курман кылгым келбейт. Эгер үй — бүлө деген ушундай болчу болсо мен турмушка чыгууну каалабайм. Балким менин бул жазгандарым айрым ата — энелерге жетет чыгар, балким мага окшоп турмуштун муштумуна кабылган курбуларым бар …



