Коом

Эртең Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат — тизме

Эртең, Бишкекте 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлүүчү майрамдык иш-чаралар учурунда айрым көчөлөр убактылуу жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, төмөнкү көчөлөр жабык болот:

— Чүй кең көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Абдрахманов көчөсүнүн Чүйдөн түндүктү көздөй М. Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү ;
— Фрунзе көчөсүнүн чыгышты көздөй Ю.Абдрахманов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Ошондой эле эртеңки майрамдык иш-чараларга байланыштуу борбордук жана эски аянттар таңкы саат 07:00дөн 12:00гө жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы жабылуучу көчөлөрдү эске алып, маршурттук кыймылды алдын ала пландоо менен кошумча башка жолдор менен жүрүп турууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button