Коом
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын башчылары Баткендин Лейлек районунда жолукту

Уларбек Шаршеев (КР) менен Ражабали Рахмонали (ТР) буга чейин чек арадагы кырдаалды турукташтыруу жана кызматташтык боюнча кол коюлган протоколду талкуулашкан. Алар коопсуздукту сактоо жаатында бирдиктүү пикирге келишкен.
Ведомство башчылары 2023-жылы биргелешкен комиссиянын ишин улантууга, прокуратура органдарынан эки өлкөнүн жарандарынын мүлктөрүн кайтаруу иштерин тездетүүнү өтүнүүгө жана чек арада чагымчылыктарга жол бербөөгө макулдашкан.
@user2



