Кыргызстанда буга чейин болгон эмес. Скаут кыймылы киргизилүүдө

Кыргызстанга скаут кыймылы киргизилип жатканын маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты боюнча эксперти Мураталы Үчкемпиров билдирди.
Анын айтымында, скаут кыймылы Кыргызстанда буга чейин болгон эмес.
“Ал өзгөчө жаштарга окуудан сырткары бейформал билим берет. Бул жерде окуу, үйрөнүү, анализдөө анан жасоо эмес, жасоо аркылуу үйрөнүү деген принципте колдонулат. Балдарга өзүнүн, коомдун жана жараткандын алдында милдет коюлат. Жаштар жаратылышка аяр мамиле кылууну, өзүнөн кичүүгө сылык мамиле жасоону үйрөнүшөт. Дүйнөдөгү белгилүү скаут кыймылынын мүчөлөрү АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, астронавт Нил Армстронг болгон”, — дейт ал.
Үчкемпиров кечээ Дүйнөлүк скаут бюросунун өкүлдөрүнүн жана Кыргызстандын аймактарынан келген 35 адамдын катышуусунда семинар өткөнүн мааалымдады.
Дүйнөлүк скаут бюросунун Евразиялык колдоо борборунун директору Шринат Тирумале Венугопал скаутинг 1907-жылы негизделип, 200дөн ашык өлкөнүн жаштарынын лидерлик сапатын өстүрө алганын белгилейт.



