Без рубрики

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерине даярдыктар толугу менен жүрүүдө

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерине даярдыктар толугу менен жүрүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.Министр белгилегендей, аталган ГЭСти куруу өлкөдөгү ири долбоорлордун бири болуп саналат.»Бүгүнкү күндө кире бериш жолдор тазаланып, электр берүү чубалгылары жайгаштырылып, мобилдик оператордун базалык станциясы коюлду. Ошондой эле иш жүргүзүү аянты түптөлүүдө. Алдыда курула турчу Камбар-Ата-1 ГЭСи — Кыргызстандын экономикалык жактан гүлдөп өнүгүүсүнүн негизи болгон энергетикалык тармактын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган улуттук долбоор», — деп жазган ал

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button