Коом

Эми 50 миң сомго чейин салык карызы бар кыргызстандыктар өлкөдөн чыга алышат

Салык кызматы 1000-2000 сомдук карыз үчүн өлкөдөн чыга албай, дарылануу, окуу жана башка маанилүү иштерине жетишпей калган учурлар көп болгонун билдирди. 

«Чек арадан өтүп жатканда 50 миң сомго чейинки карызды текшербөөнү сунуштап жатабыз. Андан жогору суммаларды сөзсүз  текшерүү керек. Азыраак карызы барлар өзгөчө шашылыш же маанилүү иштери чыкса тынч учуп барып келиши керек», — деди башкы салыкчы Шыкмаматов.

Ошондой эле жакында карызды QR-код менен төлөп, ашыкча түйшүк тартпай сапарын улантуу мүмкүнчүлүгү жаралат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button