Коом

Бир жыл мурун чогуу жашаган адамын бычактап өлтүрүп, аны издемиш болуп жүргөн аял кармалды

2022-жылдын 10-июнунда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып кетишкен. Милиция кызматкерлери барган учурда Ново-Покровка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин бастырмасынын артына курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерден  адамдын сөөгү чыкканына күбө болушкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул сөөктүн өздүгү такталып, ал 2021-жылдын декабрь айынан бери дайынсыз жоголуп издөөдө жүргөн 1977-жылы туулган З.Е. болуп чыккан. 

Андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын жана  Ысык-Көл ОИИБнын ошондой эле Ысык-Ата РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, өлтүрүлгөн адам менен чогуу жашаган 1969-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 2021-жылдын 7-декабрында саат 22:00дөр чамасында үй-бүлөлүк чырдан улам аял шеригин бычактап өлтүрүп, андан кийин  аны үйдүн короосуна көмүп койгону аныкталган. 

Дайынсыз жоголуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул аял  жалган көрсөтмө берип келгени да такталды.

Учурда кылмышка шектүү Ысык-Ата райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button