Коом

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү кайрадан жабылат

Бүгүн Бишкекте футбол оюндары өтүп жаткан учурда борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандоо турунун эки оюну өтөт. Саат 16:30да Сингапур менен Мьянманын беттеши башталып, 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары оюн талаасына чыгышат.

Төмөнкү көчөлөр жабылат:

Тоголок Молдо — Чүй проспектинен Фрунзеге чейин;

Фрунзе көчөсү — Исановдон Панфиловго чейин.

Жол кыймылына саат 16:00дөн 23:00гө чейин чектөө киргизилет.

Кайгуул милициясы айдоочулардан маршрутту алдын ала пландаштырууну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button