Коом
Түштүк-Батыш бажысы 33 миллионго чукул каражатты казынага кайтарды

Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысында 32 миллион 925 миң 200 сом өлчөмүндө каражат мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, Ош облустук прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысында текшерүү жүргүздү.
«Анын жүрүшүндө аталган бажы органынын кызматкерлери тарабынан 2020-2021-жылдар аралыгында бажылык коштоо үчүн 32 миллион 925 миң 200 сом өлчөмүндө жыйымдар чогултулуп, кийин атайын бажы эсебине чегерилгени аныкталган. Ал эми мыйзамдарга ылайык, бул жыйымдар республикалык бюджетке алынууга тийиш», — деп айталат маалыматта.
Түштүк-Батыш бажысы тарабынан көрсөтүлгөн каражаттар толугу менен республикалык бюджетке кайтарылды.



