Коом

2026-жылы Кыргызстанда 100дөн ашык билим берүү объектиси пайдаланууга берилет

Кыргызстанда 2026-жылы 100дөн ашык билим берүү объекти пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-сентябрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча онлайн форматта 100 социалдык объект пайдаланууга берилген. Алардын арасында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.

Мындан тышкары, жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү пландалууда. Алардын 56сы жаңы курулган объектилер: 49 мектеп жана жети бала бакча. Ошондой эле капиталдык оңдоодон өткөн эки мектепти пайдаланууга берүү каралган.

Буга чейин өлкөдө 100гө жакын авариялык мектеп калганы маалымдалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button