Коом

ТИМ: Кыргызстандыктардын Казакстанга кирүү эрежелери өзгөргөн жок

Кыргызстандыктардын Казакстанга кирүүсүндөгү эрежелер өзгөрүүсүз калды, деп билдирди КР Тышкы иштер министрлиги.

Министрлик өлкө жарандарынын Казакстанга кирүүсүндөгү жаңы эрежелери тууралуу тарап жаткан маалыматка комментарий берди.

ТИМден билдиришкендей, «QazETA» системасы учурда пилоттук режимде иштеп жатат. Бул этапта аны Кыргызстандын жарандары үчүн колдонуу милдеттүү эмес. Кыргызстандыктардын Казакстандын аймагына кирүү жана болуу тартиби өзгөрүүсүз калды.

Мекеме миграциялык эрежелер өзгөргөн учурда жана казак тараптан расмий маалымат келип түшсө, жарандарга кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button