Коом

Өлкөдөгү мектептер 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты

Бүгүн, 15-сентябрда өлкөдөгү мектептер 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады. Бүгүнкү күнгө карата 1-класска 146 миң 852 окуучу кабыл алынды.

Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун улантышат.

Учурда республика боюнча 2374 мектеп иштейт:

2132 — мамлекеттик,

242 — жеке менчик.

Ошондой эле өлкөдө 94 кесиптик лицей иш алып барат. Жаңы окуу жылына карата кесиптик лицейлерге электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Талас облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилди. Алардын арасында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.

Мындан тышкары, жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү каралган. Анын ичинен 56сы жаңы курулуш объектиси — 49 мектеп жана 7 бала бакча. Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 2 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button