Коом

Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал тилкеде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

«Бишкексууканалы» ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, каттамды алдын ала пландаштырууну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button