Окуялар
Интернет аркылуу синтетикалык баңгизаттарды саткан жаран кармалды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 16-декабрында саат 17:30 чамасында жогорудагы кылмыш ишинин алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аймагында 1995- жылы туулган К.у.Ж. кармалган, текшерүү учурунда, кийип жүргөн кара кышкы курткасынын сол чөнтөгүнөн жашыл түстөгү термобаштыкча табылып алынган.

Бишкек ШИИББнын Биринчи Май районунун тергөө кызматы тарабынан 2024-жылдын 17-декабрында КРнын КЖКнын 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кармалаган жаран мурда 37 жерге бекитилип коюлган синтетикалык баңгизатын көрсөтүп берген. Алынган зат эксперттин жыйынтыгы боюнча өзгөчө ийри олчөмдөгү 4-СМС (4 хлорметкотион, клефедрон) синтетикалык заты болуп чыкты.
Ыкчам маалыматка ылайык шектүү 2024-жылдын ноябрь айынан бери интернет дүкөн аркылуу баңгизаттарды таратуу менен алектенген.
Кылмышка шектүү 1995 жылы туулган К.у.Ж. жаран Бишкек шаарынын УКЖна киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо максатында ыкчам-тергөө иштери улантылууда.



