Зарина Мырсакулова, журналист: “Убагында айлык аз деп мыкты адистер чыгып кеткен, эми мекенге кайткыла!”

Кыргыздын мыкты уул-кыздары мамлекеттик кызматтардын айлыгы аз болгондугуна байланыштуу жумуш издеп, өлкөсүн таштап чыгып кеткен. 1-августан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары жогорулады. Алды 80 000 сомдон алышат ушул айдын аягында. Кыргызстандын жашоо шартында жетиштүү каражат. Президент Садыр Жапаровдун кызматка киришкенине кыска эле убакыт болду. Убадаларын аткарып жатат, “Кумтөрдү” мамлекетке алды. Анын эң алгачкы жыйынтыктары мугалимдердин айлыктары, мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары көбөйдү. Ооба, азык-түлүк баасы дагы өсүп жатат, бул дүйнөлүк экономикага байланыштуу.
Арабызда ушундай жакшы өзгөрүүлөрдү кабыл алгысы келбей, элди негативдүү маалыматтар менен камсыздап, бурмалаган саясий топтор бар. Азыр дүйнө тынч эмес, согуштар болуп жатат. Биздин экономикабызга таасир бере турган өлкөлөрдө ок атылууда. Ушундай кырдаалда кыргыздар – бири бирибизди колдой турган абалдабыз. Бүгүнкү кырдаалда кыргыз менен кыргыз отуруп алып талкуулай турган, өбөк-жөлөк боло турган абалдабыз. Эң башкысы тынчтык болсун, элибизде ынтымак болсун! Арабызда оозунан жакшы сөз чыгып, көзү жакшылык издеп, көөдөнү жакшылык кабыл алган адамдар көп болсун!



