«Ош» аэропортуна барчу жол көрктөндүрүлөт

«Ош аэропортуна барчу жолдун 1,5 чакырымдык бөлүгүндө инфраструктураны жаңылоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Мэриядан билдиришкендей, иштин алкагында совет доорунан бери колдонулуп келген эски жарыктандыруу мамычалары заманбап чырактарга алмаштырылат. Ошондой эле жолдун ортосундагы жашыл тилкенин топурагы жаңыланып, андагы бак-дарактар атайын питомникке көчүрүлөт.
Алардын ордуна көп жылдык декоративдүү бадалдар отургузулуп, автоматташтырылган сугат системасы орнотулат.
Курулуш иштерине байланыштуу эртең саат 08:00дөн 18:00гө чейин аэропорт тарапка баруучу жолдун бир тарабы убактылуу жабылат. Бул учурда каршы тилкеде унаалардын эки тараптуу кыймылы уюштурулат.
Мэрия айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, жол эрежелерин сактоого чакырат.



