Коом
ВИДЕО: Кызматтан бошотулган министр мас абалында кайгуулга кармалган

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мас абалында жол кайгуул милициясына түшүп калган делген видео тарады.
Видеодо экс-министрдин “эки кружка пиво ичкем” деп жатканын угууга болот.
Белгилүү болгондой мурдагы министр кызматтык унаасын айдап жүргөн жана жанында айдоочулук күбөлүгү да болгон эмес.
Маалыматка ылайык, ал 15-декабрга караган түнү унааны мас болуп айдап баратып кармалган. Бактияр Орозов 15-декабрда «этикалык талаптарды сактабагандыгы үчүн” деген себеп менен кызматтан алынган эле.



