Чек арачылар 3 млн сомго жакын бааланган «Тропикамид» партиясын кармашты

2026-жылдын 22-июнунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арачылар күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүү аракетинин алдын алышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Доочар аймагында, мамлекеттик чек арадан болжол менен 100 метр аралыкта чек ара кызматынын наряды Кыргыз Республикасынын жараны, 2000-жылы туулган, Айрыбаз айылынын тургуну К.Ж.ны кармаган.
Маалыматка ылайык, ал өзүнө таандык «Тико» үлгүсүндөгү унаа менен Кыргызстандан Өзбекстанга күчтүү таасир этүүчү препараттардын катарына кирген «Тропикамид» дарысынын эки мүшөгүн мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Шектүү кармалгандан кийин чек арачылар Доочар багытындагы жакынкы аймактарды текшерип чыгышкан. Натыйжада мыйзамсыз аракетке тиешеси болушу мүмкүн делген адамдар пайдаланган скутер табылган.
Учурда бул факт боюнча тиешелүү материалдар андан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.



