Абалдары оор. Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан эки кыз куткарылды

Кечээ, 5-июнда Жети-Өгүз районунун Кой-Сары тилкесинде эки кыз көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Аталган аймакка Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 жана Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ал арада куткаруучулар жерине жеткичекти райондун Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кыздарды катер менен сүзүп барып, өмүрүн сактап кала алышкан.
Алар көл жээгине чыгарылган эки жаранды ӨКМдин куткаруучуларына өткөрүп беришкен. Андан соң куткаруучулар Жети-Өгүз менен Липенка айылынын кесилишине чейин алып келип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Алдын ала маалымат боюнча кыздардын абалы оор. Алар Липенка айылынын 22 жаштагы А.Б жана А.А. аттуу тургундары.



