Коом
Соттолгон жети өспүрүмгө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды

Мындай жагымдуу иш чара Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14- тарбиялоочу мекемесинде болду.
Жашы жете электер камалган мекемеде мурдагы мыйзам бузуучулар кесиптик лицейди ийгиликтүү аяктап, техникалык адистикке ээ болушту. Мугалимдер аларга тиешелүү сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырышты.



