Коом

Караколдо 2 миң орундуу маданий борбор курулат

Каракол шаарында 2 миң орундуу маданий борбор курулат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июлда борбордун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жарыяланган сынакка келип түшкөн эскиздер талкууланды.

Маданий борбор Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө курулуп, 4 гектар аянтты ээлейт. «Бул жер бир гана концерттик же спорттук иш-чараларды өткөрүүчү зал болбойт, ичинде конференц-залдар, китепкана, кофейня, балдар аянтчасы ж.б жайлар жайгашып, жылдын төрт мезгилинде конокторду кабыл алууга ылайыкталып салынат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button