Джунушалиев «Манас» шаарчасынан өткөн жол тууралуу кайрылуу жасады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев акыркы күндөрдөгү кызуу талкууларга байланыштуу шаар тургундарына кайрылуу жасады.
Анын айтымында, жылытуу сезону айрым авариялык учурларга карабастан ийгиликтүү аяктады. Ал көйгөйлөр өз убагында чечилип, олуттуу кесепеттерге жол берилген жок. Шаар башчысы мэриянын ишине карата айтылган сын-пикирлерге да токтолуп, күмөн саноолорго карабай муниципалитет шаардагы маселелерди системалуу түрдө чечип жатканын белгиледи.
Ошондой эле Джунушалиев Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Минжылкиев көчөсүнүн айланасындагы жагдай тууралуу айтып, бул маселени жабуу жана жолду ачуу зарылдыгын билдирди.
«Биз коопсуздукту камсыздап, тартип орнотобуз. Университетке өзгөчө шарттар болбойт — талаптар баарына бирдей болот», — деди мэр.
Ал акыркы жылдары мэрия башка жогорку окуу жайлардын аймагында да тартип орнотконун айтып, бул иштер улантыларын кошумчалады.
Мындан тышкары, айрым студенттердин жүрүм-турумун сынга алып, бийлик өкүлдөрүнө жана социалдык тармактарда сөгүнгөн сөздөрдү колдонуу жол берилгис экенин белгиледи.
Мэр шаар бийлиги мындан ары да инфраструктураны өнүктүрүү жана борбор калаада тартипти камсыз кылуу боюнча иштерди улантарын баса белгиледи.
Эске салсак, Бишкекте мэрия Минжылкиев көчөсүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагы аркылуу өткөрүп, Чыңгыз Айтматов проспектисин «Жал» кичи району менен туташтырууну пландап жатат. Долбоорго ылайык, узундугу болжол менен 1,3 чакырым болгон эки тилкелүү жол курулат.



