Бишкекте кайыр сурап же иштеп жүргөн балдарды көрсөңөр кабарлагыла. Номерлер

Бишкек мэриясы калаа тургундарынан иштеп же кайыр сурап жүргөн балдарды аныктоого жардам беришин суранды.
Шаардык кызматтар рейд жүргүзүп, анын ичинде жашы жете элек балдардын 22:00дөн кийин чоңдордун коштоосу жок көчөгө чыгышына тыюу салуу каралган.
Мэрия Бишкектин төрт районунун түз байланыш номерлерин жарыялады:
Биринчи май району — 0(312) 67-03-86;
Ленин району — 88-38-99;
Свердлов району — 0(312) 53-05-76;
Октябрь району — 0(312) 51-03-75.
Ошондой эле Балдарды коргоо борборунун номерлери да камтылган — 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция кызматынын түз байланыш линиясы — 111.
Жогорудагы мыйзамдарды аткарбаган балдар аныкталса, жагдайга жараша ата-эненсине же жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна өткөрүп берилет.
Мэрия аталган иш-чаранын жыйынтыгында анализ жүргүзүлүп, муктаждыгына жараша иштеген же кайыр сураган балдардын үй-бүлөсүнө социалдык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.



