Коом

Күн күркүрөп, жамгыр жаайт. 18-июлга карата аба ырайы

18-июль, бейшембиде, республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27…+32, Талас аймагында +24…+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +29…+34, Ысык-Көл жана Нарын облусунда +23…+28 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күндүн табы +29…+31 градуска чамалап барса, Ош калаасында күн бүркөк болуп, +32…+34 градуска чейин ысыйт. Ал эми Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +25…+27 градус жылуу болору айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button