Коом
Сүлүктүдө 120 млн сомго «Белес резорт» туристтик комплекси курулууда

Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Комплекстин курулушу бюджеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлүп, ага 120 млн сом бөлүнгөн.
Ачылышы 2026-жылдын жай айларында пландалган обьект Сүлүктү шаары жана Лейлек районундагы эң ири эс алуучу жай болмокчу.
Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев курулуп жаткан объекти менен таанышты. Учурда туристтик обьектинин курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Ташбалтаев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, подрядчы компанияга бир нече талаптарды койду. Ошондой эле жергиликтүү бийликке катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.



