Коом

Кыргызстанда электр энергиясына “чексиз” тарифи киргизилүүдө

Кыргызстанда электр энергиясына “чексиз” тарифи киргизилип жатат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган тарифке каалаган жарандар туташа алат.

“Тарифтин наркы 1 киловатт – 5 сом 4 тыйынды түзөт. Эгер абонент электр энергия аз берилип жатат десе, “чексиз” тарифине кошула алат”, — дейт ал.

Бекмурзаев электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгуу керектигин айтат.

“Кыргызстанда баары кымбаттады, бирок электроэнергия кымбаттаган жок Азыр энергосистеманы тейлөө кымбат болуп жатат – бензин, техника, жабдуулар”, — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button