Коом

Кыргызстандын танкачылары «Танк биатлонуна» катышуу үчүн Россияга учуп кетти

Бүгүн, 1-августта, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танкачылары «Танк биатлону – 2022» эл аралык таймашына катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

«АрМИ-2022» оюндарынын алкагындагы мелдеш 13-27-август аралыгында «Алабино» полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат.

Эске салсак, 2021-жылы КР Куралдуу күчтөрүнүн командасы Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетияны артта калтырып өз тобунда биринчи орунду алган.

Быйыл өлкөнүн танкачылары биринчи дивизиондо эң күчтүү деп эсептелген Россия, Кытай, Казакстан жана Азербайжандын командалары менен ат салышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button