Окуялар
Бишкектин чет жагында тез жардам унаасынын мас айдоочусу жол кырсыгына кабылган

Кечээ, 28-ноябрда Ленинское айылында УАЗ үлгүсүндөгү тез жардам унаасы менен «Ауди» үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок.
“Белгилүү болгондой тез жардам унаасынын айдоочусу мас абалында болгон”, — деп белгилешти ведомстводон.


