Коом
Чүйдө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү завод ишке кирет

Чүй облусунун Маловодное айылында «Сан Планет Органик» заводу ишке кирет. Ишкана 60 туруктуу жана 400гө чейин сезондук жумуш ордун түзөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, ишкана жергиликтүү айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенет. Бул жерде мөмө-жемиштерден, жаңгактан жана балдан табигый азыктар, ошондой эле жаңгак пастасы жана башка продукциялар өндүрүлөт.
Заводдо аялдарды жумуш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат. Кызматкерлердин кеминде 80 пайызын аялдар түзөт.
Ишкананын ишке кириши айыл жериндеги тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүп, аялдардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатат жана үй-бүлөлөрдүн кирешесинин өсүшүнө өбөлгө болот.



