Коом

Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аскердик машыгуусу аяктады

Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аскердик машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Ага ылайык, машыгуу 11–17-август күндөрү Ысык-Көлдөгү «Эдельвейс» полигонунда өттү. Ага 500гө жакын аскер кызматкери катышып, 100гө чейин техника, анын ичинде FPV-дрондор жана эки өлкөнүн армиялык авиациясы тартылды.

Бир апта ичинде аскерлер практикалык тапшырмаларды аткарып, ар кандай шартта курал-жарак менен техниканы колдонууга машыкты.

Тектеш кабарлар

Back to top button