Окуялар

УКМК: Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган пакистандык 6 жаран кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,  УКМК мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын  Чек ара кызматы менен биргеликте  2024-жылдын 20-майында саат 03:30да «Васильевка» чек ара заставасынын жоопкерчилик аймагынан, Казакстан Республикасы тарабынан КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети учурунда, Пакистан Ислам Республикасынын 6 жараны кармалды.

 Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча КР УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378 жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган чет өлкөлүк жарандар  КР Жазык-процесстик кодексинин  96-беренеси боюнча Бишкек ШИИБдин  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары  жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button