Окуялар

“Учитель” чокусунан түшүп келе жаткан адам тоодон кулап түшкөн

Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып эркек киши тоодон кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү 112 куткаруу кызматына 14-августта түшкөн.

«Жерине ӨКМдин Эдельвейс куткаруучулар тобунан 6 куткаруучу тартылып, саат 20:30да Ала-Арча паркына жетишти. Куткаруучулар «Хижина Рацека» альпинисттердин лагерине жетишип, кеч киргендигине байланыштуу куткаруу иштери бүгүн жүргүзүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button