Окуялар
Өзбекстандын Нарын районунда дарбызга ууланган жубайлар каза болушту

Өзбекстандын Наманган облусунун Нарын районунда бир үй-бүлө дарбызга ууланып, экөө каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы жергиликтүү ММК булактарына билдирди.
Маалыматка караганда, 11-августта түгөйлөр эки баласы жана эки небереси менен эки күн мурун дыйкан базардан сатып алган дарбызга ууланышкан. Жыйынтыгында жубайлар батирде көз жумган. Калгандары райондук ооруканага жаткырылган. Дарбыз 9августка чейин муздаткычта сакталган.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, дарбыз жегенден кийин жубайлардын өпкөсү көөп, жүрөгү кармап, дем жетпей, көз жумушкан.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда райондук прокуратура бул иш боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.



