ВИДЕО: Ысык-Көлдө кайрадан браконьерлер кармалышты

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы түзүлгөндөн баштап, аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан аймакта жаратылыш жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо боюнча тынымсыз аракеттер көрүлүүдө. Экологиялык коопсуздукту коргоого тартылган башка мамлекеттик органдары менен бирдикте мыйзамсыз аңчылыкты, балык улоону, бак-дарактарды кыйуларды жана башка экология багытындагы укук бузууларды аныктоо максатында атайын рейдтик иш чаралар колго алынууда. Ушундай көрүлгөн уюштуруу иштери өзүнүн жемишин берүүдө.
Алып айтсак, 4-март күнү болжол менен түнкү саат 21.15 чамаларында туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери, областтык мергенчилер жана балыкчылар коомунун, «Ысык-Көл» аймактык биотүрдүлүктү сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү менен бирдикте Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүндөгү «Сары-Төр» тилкесинде, 38 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну М.Юнун. башкаруусундагы «Тойота-Форанер» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.
Автоунааны текшерүү учурунда, айдоочуга тиешелүү болгон «Ренгминтон-700» үлгүсүндөгү 2 сайлуу ок атуучу курал жана бир жаңы атылган тоо текенин эти баш сөөгү менен табылган. Бишкектиктин айтымында, бул аймака лицензиянын негизинде карышкырларга аңчылык кылууга келген. Бирок, тоо текелердин үйүрүн көргөндө, чыдабай кетип, бирөөсүн атып алган.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 310 (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Тергөө иштери башталды, — деп айтылат маалыматта.



