Коом

Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн кумшекер алат

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында 34 миң тонна кумшекер импорттогон. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында жазылды.

Ал эми былтыркы жылдын жарым жылында чет мамлекеттен 14,3 миң тонна кумшекер алып келинген.

Быйылкы жарым жылдыкта Кыргызстанга кумшекер жөнөткөн мамлекеттер:

Бразилия — 12 955,9 (мындан кийин да тонна менен);

Россия — 10 102,6;

Индия — 9 944,1;

Азербайжан — 448;

Иран — 337;

Өзбекстан — 136;

Казакстан — 80,1.

Ошондой эле азыраак өлчөмдө Польша, Корея, Италия жана Тажикстандан алып келинген.

Белгилей кетсек, Бразилиядан дээрлик шекердин камышы импорттолгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button