Окуялар

Бишкекте бала бакча өрттөнүп жатат

Борбор калаадагы Ташкент көчөсүндөгү бала бакча өрттөнүп жатат.

ӨКМ тилсиз жоо тууралуу маалымат саат 11:19да түшкөндүгүн, ал жерге өрт өчүрүүчү төрт бригада чыгып кеткендигин билдирди.

Бул имарат Жибек жолу проспектисинен ылдыйыраак жайгашкан «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын маңдайында.

ӨКМ толук маалыматты кийинчерээк берерин айтты.

Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз өрт чыккан бала бакчанын ичиндеги бөбөктөрдүн «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын имаратына эвакуациялангандыгын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button