Коом
Кытайдан табылган кыргыздын байыркы тарыхына таандык материалдар кыргызчага которулат. Президент 13 млн сом бөлдү
Президент, Садыр Жапаров тарыхый, архивдик материалдарды байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кийин кыргыз тилине которуу үчүн президенттик фонддон 13 млн. сом бөлүү чечимин кабыл алды.
Жакын арада каражат «Мурас» фондунун эсебине которулат.
Өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, 2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери Кытай архивдеринен кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык материалдар табылгандыгын, анда кыргыз эли б.з.ч. X кылымдарда эле кездешкендиги жазылганын билдирген.
Которуу иштери тиешелүү каражат табылбагандыгына байланыштуу токтоп турган.



