Жаныш Кулмамбетов: «Жиниккен күлүктү аман сактап калчу малдоктур жок беле?..”

Кыргызстанда Эгемендүү күнү Чуңкурчак жайлоосунда белгиленип, ат жарышта жинигип, марага жетпей жүрөгү токтоп калган ат коомчулукта талкуу жаратты. Бул тууралуу КР эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетов да Фейсбук баракчасына пикирин калтырды. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
“Бүгүнкү жиниккен атты көрүп көпчүлүктүн боору ооруду. Албетте, боор ооруй турган жорук болду.
Күлүктүн жиниккенине, менимче, үч нерсе себепкер.
Биринчиси, түздө чабылып жүргөн атты өргө бекер салышкан. Таптагандардан кеттиби, же башка дагы себеби барбы, аны айта албайм. Бирок, билген адам болгондо байгеге коштурбай койсо болмок.
Экинчиси, жаны кыйналганда жылкы баласы өпкөсүн кага баштайт. Ошондо эле үстүндөгү чабандес дароо токтотуш керек эле. Болбосо, кандай кара байыр тулпар болбосун, ушинтип жинигип калышы ажеп эмес. Ооздугун жыйып, бир аз байырлай калганда, балким күлүк аман калмак.
Үчүнчүсү. Мурдатан мындай рельефке чабылып көнбөгөн атка 31 чакырым өргө чуркаганы аз келгенсип, ага кошул-ташыл болгону үстүндөгү уландын салмагы өңдөнөт. Баамымда, чабандеси эбелектей болгон жеңил бала эмес, боконо сөөгү ката баштаган олбурлуу эле улан окшойт. Ушунча өрдө ушундай салмактагы чабандести көтөрүп чуркаш, тоо-ташка көнбөгөн атка оңойбу, анан. Ого бетер чоң жүк да. Байгеге кошоордун алдында чабандесин жеңил өспүрүмгө алмаштырып койсо болмок.
Дегеле, тоо-ташты аралатып ат чапкан практиканы токтоткон оң. Болбосо, момундай жиниккен аттардын саны арбый берет. Малга убал. Баягы, топозго жүгүбүздү артып алып көчүп-конуп жүргөн көчмөнчүлүк доор эмес да азыр, тоо-ташты аралатып ат чапкыдай. Отурукташканыбызга 100 жыл чамалады. Азыркы мезгилдеги күлүктөрдүн чуркаар жери — ипподром. Болбосо, аларды эмнеге курдук, тоо-таштын арасында ат чаба турган болсок?..
Эми, дагы бир олуттуу жагдайга баам салалы. Жиниккен атты дароо сүйрөп барып мууздап ийишкени, башкаларды билбейм, мени өтө ирээнжитти. Биз кайсы мезгилде жашап атабыз, өзү?!. Илим-билим өнүккөн замандабы, же илгеркидей түтөтмө кара чырак менен жашаган учурдабы?!. Мындай жоопкерчиликтүү жарышты уюштуруп аткан соң малдоктурлар чакырылыш керек эле. Бул саам да, баягы кыргызча кенебестигибизге салып койгонубуз көрүнүп турат. Болбосо, кара башыл кишини ажалдан алып калып аткан доордо, малды дарылай албай калат беле ветеринарлар?!. Килейген агрардык университетибиз турат, малдоктурларды күтүрөтүп чыгарып аткан. Ветврач диагнозун коймоюнча кимдин колу барат, билбей-этпей туруп мууздап ийгенге?!. Бул жорук, айрым жагдайларда, биздин дагы эле илгеркинин инерциясы менен жашап атканыбызды айгинелеп атат.
Кыскасы, бүгүнкү кейиштүү окуядан тийиштүү тыянак чыгарбасак, мындай көрүнүштөр кайталана бериши мүмкүн.
Аягында, өзүм билген бир окуяны айта кетейин. Менин атам Осмондун жакшы көргөн Күрөң аты бар эле. Ал атты кастарлап, бапестеп 17 жыл минген. Боор эти менен тең болчу. Ошол Күрөң аты өлгөндө алтымышка келип калган атам, малын карай албай ыйлаган экен, колу барып мууздамак түгүл…” – деп жазды Кулмамбетов.



