Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарына карата экстремизмге жана терроризмге каршы программасынын долбоору талкууланды

2022-жылдын 29-30-августунда УКМКнын Терроризмге каршы борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча эксперттик жумушчу топ тарабынан сунушталган 2023-2027-жылдарга программасынын долбоорун талкуулашты. Талкууга Программаны ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдаржын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер активдүү катышты.
Талкууга коюлган Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясаттын бирдиктүү максатын жана милдеттерин, ишке ашыруунун негизги багыттары жана механизмдери каралды.
Талкуунун жүрүшүндө Жумушчу топтун мүчөлөрү Программанын долбоорунун мазмуну, анын негизги принциптери, максаттары жана милдеттери, ошондой эле Кыргыз Республикасында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары менен таанышышты.
КР УКМК Терроризмге каршы борборунун өкүлдөрү коомдун кызыкчылыктарын жана өлкөнүн мыйзамдарын урматтоо менен экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу ишке багытталган бир кыйла кеңири документти алуусуна Программаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын мамилесин, эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн пикирлерин эске алуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Коомдун кызыкчылыктарын жана өлкөнүн мыйзамдарын урматтоо менен экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу ишке багытталган бир кыйла кеңири документ.
Бул платформа кесипкөй коомчулуктун мүчөлөрүнүн ортосунда тажрыйба, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү. Талкуунун жыйынтыгында жумушчу топ 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Программасынын долбоорунун мазмунуна тиешелүү түзөтүүлөрдү кабыл алышты.
Талкуу иштиктүү жана конструктивдүү кырдаалда өттү.



