Окуялар

14 жашар кыздын өлүмү: Жакындары маалымат беришти

Кыздын ата-энеси Кыргызстанда эле болчу. Бул тууралуу  Кадамжайда киши колдуу болгон кыздын жакындары билдиришти.

«Кыздын ата-энеси Кыргызстанда эле болчу. Үй-бүлөдө жалгыз кыз эле. Шектүүлөр ошол эле айылдыктар дешти. Кечээ, 5-сентябрда сөөгүн жерге бердик. Эмнеге мындай мыкаачылыкка барышты билбейм, маалымат да жок. Мага кыздын мүнөзү жоош, тартынчаактай сезилчү, анан билбейм»,- деди ал.

Кечээ, 5-августта Кадамжайда 14 жаштагы кыздын киши колдуу болгону маалым болгон. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон белгисиз кыз кишинин жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип 3 адам кармалган. Ал арада сотармак колдонуучулары кыздын ата-энесинин мигрант экенин жазып чыгышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button