Коом

Ошто мыйзамсыз аң уулоо, балык уулоо, бак-дарактардын кыйылышына рейд уюштурулду

Кыргыз  Республикасындагы “Айлана чөйрөнү коргоо”,  “Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы” жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо, мыйзамсыз аң улоо, балык уулоо,  бак-дарактардын кыйылышына жана мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейдттер уйуштурулду.

Рейдттин жүрүшүндө: 2024-жылдын 14-январь күнү  Ноокат районунун Абшыр-Ата участкасынын тургуну 33 даана көгүчкөндү тиешелүү уруксат кагаздары жок кармап, бышырууга даярдап жаткан жеринен кармалып, КРнын Укук бузуулар кодексининин негизинде  протокол түзүлүп, КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 сандуу токтомуна ылайык 49500 сом доо койулду.

Жана ошондой эле дагы бир жаран тарабынан отметкасы жок аң-улоого чыгып бир баш коен, үч кекилик аткандыгы үчүн, КРнын Укук бузуулар кодексининин 263-беренесинин негизинде  протокол түзүлүп, КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 сандуу токтомуна ылайык 11000 сом доо койулду, дагы аң улоого чыккан жарандар эрежелерин бузгандыгына байланыштуу жарандарга КРнын Укук бузуулар кодексининин 263-беренесинин негизинде  протокол түзүлдү.

2024-жылдын 20-январь күнү Ош шаарындагы болжол Капитал ресторанынын жанындагы спорттук буюмдарды сатуучу дүкөндүн алдында бир баш жапайы доңуздун этин тиешелүү иш кагазадары жок Ноокат районунун Н.Исанов айылынын тургуну  тарабынан өз алдынча сатып жаткан жерден кармалып протокол түзүлүп, КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 сандуу токтомуна ылайык 50000 сом доо койулду.

2024-жылдын 21-январь күнү Алай районунун Бакарча жылгасында Кара-Суу районунун Жаны-Арык айылынын тургуну аң улоо эрежелерин бузгандыгына байланыштуу КРнын Укук бузуулар кодексининин 263-беренесинин негизинде  протокол түзүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button