Окуялар

«Телекүзөт» программасынын редакторун сабаган шектүү кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) «Телекүзөт» программасынын редакторун сабоо фактысы боюнча шектүү кармалды.

Журналистке кол салуу фактысы боюнча милиция КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Октябрь райондук башкармалыгынын кызматкерлери кол салган адамдын өздүгүн жана жүргөн жерин аныкташкан.

Шектүү 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран болуп чыкты. Ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Маалыматка караганда, окуя жарандардын кайрылуусу боюнча тартуу иштери жүрүп жаткан учурда болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button